super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Көп түкүрсө көл болот. Кызым 3 күн иштеп тапкан акчасын муктаж адамдарга берүүнү каалайт" дейт эне

 

"Элдик кабар" рубрикасына "кызым өзү чогулткан акчасын муктаж болгон адамдарга берүүнү каалап жатат" деген эне кайрылды.

"Салам Супер-Инфо! Азыркы учурда бири-бирибизге жакшылык кылып, ынтымакта болсок бул сыноону жеңебиз. Кызым бул ирет чогулткан акчасын силерге берүүнү чечти. Аз да болсо көптөй көрүп алып коюңуздар.

Кызым 3 күн 350 сомдон алып иштеп, 1050 сом чогултту. Кудайга шүгүр, алты саны аман деп каршы болбодум. Акчасын муктаж адамдарга берем деп кубанычы койнуна батпай, сүйүнүп алган. Муктаж болгон үй-бүлөгө азык-түлүк алып бериңиздер же болбосо дары-дармек алыңыздар. Кызыма окшогон биздин келечек муундарыбыз көп болсун. Биримдикте бул кырдаалдан чыгууну насип кылсын жана ынтымакта бололу.

Буга чейин да өзү чогулткан 1355 сомун Гүлназ Чыныбек кызына берген болчу. Бул акчаны достору менен талаага чыгып иштеп чогулткан. Кызым "1 сом болсо да жардам кылгыла, көп түкүрсө көл болот. Биз элдерге жакшылык кылсак, Кудай бизге жакшылык кылат" деп менин жүрөгүмдү элжиретти. Ар бирибиз аз-аздан чогулта берсек, бул сыноону бат эле жеңип кетебиз деп ойлойм. Азыр бизде кыйын учур болуп турат. Жаратканым баарыбызга сабыр берсин", - деп жазылат окурмандын билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
19.07.2020. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Уже тойгозду ушундай пиарлар. Учурдан пайдаланып канчалаган адам өздөрүн өздөрү хайповат этип алышты)).
19.07.2020. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
0001KG,сен да хайп учун 100 сом берип койда
19.07.2020. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
0001KG,сени оку деп эч Ким кыйнабайт,кыйын болуп элди сындап не кыласын?кыйын болсон 100жардам кылып кой анан кыйын болуп жаз
19.07.2020. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кудайым узун омур берсин кызынарга.
19.07.2020. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушул наристе кыздын кылган эрдигин коруп азыркы кыйын учурду пайдаланып медикаменттерди алып сатып бюджетке колун салып жаткан акмактар муунуп эле олуп алгылачы!
19.07.2020. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Он колун менен бергенди сол колун корбосун!
19.07.2020. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Депутаты ушундайларды окуп кантип кекиртегинерден тамак отуп жатат?
20.07.2020. 07:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кеп акчада эмес дооруп жазган коментарийлерге жиним келет да. Кичинекей кыз болсо да элим жерим деп атат ошону бааласанар. Бара бара ушу кыз азыр мин сом берсе убагы келип бай кыз болсо жуз миндеп берет. Кеп журогундо, боорукерлигинде да адамдын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: