super.kg logo

Муфтий обсервацияда ыктыярчы болуп иштеп жатып каза болгон Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө акчалай жардам көрсөттү

 

Муфтий Максатбек Токтомушев кечээ, 19-июлда Бишкек шаарындагы стационарлардын биринде ыктыярчы-медкызматын аркалап жүрүп, бул дүйнө менен коштошкон Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнөн кабар алып, куран окуду. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Муфтий каза болгон Адинай Мырзабекованын ата-энесине, туугандарына, досторуна терең кайгыруу менен көңүл айтып, Адинай өз элинин саламаттыгы үчүн ак кызматын аткарганын баса белгилеп, анын үй-бүлөсүн сабырдуулукка, кайраттуулукка чакырды. Ошондой эле Максатбек Токтомушев жакын санаалаштары менен биргеликте Адинай Мырзабекованын ата-энесине 200 миң сом акчалай жардам көрсөттү.

"Алла Тааладан жакшы тилек, жакшы үмүт кылыңыздар. Алла Таала ыйык курандын "Анфал" сүрөсүнүн 46-аятында "Сабырдуу болгула. Чындыгында, Алла сабырдуулар менен бирге" деп айткан. Ыймандуулардын бардыгы бейиште жолугат. Жашоо ушундай тура, Алла Таала берип дагы, алып дагы сынайт. Адинай карындашымдын эл үчүн кылган кызматы, бул анын баатырдыгы. Азыр ак халатчан дарыгерлерибиз, ыктыярчыларыбыз адам өмүрү менен күрөшүп, өздөрүнүн ден соолугуна карабастан күнү-түнү кызмат кылып жатышат. Бул чоң эрдик жана баатырдык", - деген муфтий.

Муну менен катар муфтий Максатбек Токтомушев учурда өлкө боюнча мекенибиздин тынчтыгы, элибиздин амандыгы үчүн түлөө өткөрүп, Куран окуп, ооруп жаткандардын тез арада айыгып кетүүсүнө, мамлекетибиздин бүтүндүгү, элибиздин саламаттыгы үчүн дуба кылды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын 5-курсунун студенти 13-июль күнү каза болгонун маалымдаган. Ошондой эле мекемеден маркумдун өлүмүнүн себеби эки тараптуу пневмония болгон деген алдын ала маалымат беришкен. Президент Сооронбай Жээнбеков да Адинай Мурзабекованын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(1)
20.07.2020. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Аллах Ыраазы Болсун,муфтиятыбыздан жана муфтийибизден!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: