Азербайжанда күчөтүлгөн карантин дагы 2 аптага узартылат
Бүгүн, 20-июлдан баштап Азербайжанда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу дагы 2 апта күчөтүлгөн карантин узартылат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, карантин чараларынын күчөтүлүшү дагы 2 аптага, тагыраагы, 14 күнгө узартылышына коронавирус инфекциясынын таралышы себеп болгон.
Катуу карантин чаралары Азербайжандын Баку, Сумгайыт, Лянкяран, Мингячевир, Евлах, Жалилабад, Гянджа, Масаллы, Абшеронск, Геранбойск, Гёйгёльск, Барда, Хачмаз, Самухск, Сиязанск жана Шеки райондорунда улантылмакчы.
Бардык тейлөө жана соода тармагында, ошондой эле транспорт жана унаалардын кыймылы убактылуу токтотулган.
Азербайжанда коронавирус илдетине 27 миң 521 адам кабылса, 18 миң 967 бейтап оорудан айыккан. 354 адам тилекке каршы, каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.