ИИМдин академиясынын кызматкерлери сууда агып бара жаткан кызды куткарып калышты
ИИМдин академиясынын кызматкерлери менен курсанттары сууда агып бара жаткан кызды куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Академияда нөөмөттө турган курсант Бекжан Асылбеков Аламүдүн-1 кичи районундагы каналда кыздын жардамга чакырып кыйкырып агып бара жатканын көргөн. Ошол замат ИИМдин академиясынын нөөмөт бөлүмүнө билдирген.
Өз маалында кызматкерлер ыкчам аракеттерди көрүп, агып бара жаткан кызды суудан алып чыгышкан. Андан соң, денесиндеги жаракаттарына биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, медициналык "Тез жардам" кызматына тапшырып беришкен. Өз маалында жардам көрсөтүп, аман алып калган академиянын кызматкерлерине кыздын ата энеси, туугандары ыраазычылык билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(2)
Dani

20.07.2020. 11:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Куткарып калыптыр Аллахыма шугур,бирок ошончо убакытка чейин сууда агып тура бергенби
rysik79

20.07.2020. 11:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Рахмат азаматтар. Анча- мынча болливуд аралашкан жери бар окшойт.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.