super.kg logo

Балдарга жасалуучу коронавируска каршы вакцина качан иштелип чыгат? Адистин жообу

 

Балдар үчүн коронавируска каршы вакцина 6 айдан кийин гана иштелип чыга баштайт. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты. Анда Орусиянын Эпидемиология жана микробиология борборунун директору Александр Гинцбург төмөндөгүдөй маалымат берген.

"Балдарга жасалуучу эмдөө терең изилдөөнү жана кылдаттыкты талап кылат. Ошондуктан чоңдордун вакцинасы даяр болуп, практика жүзүндө оң жыйынтыктарды берген шартта гана балдарга жасалуучу вакцинанын изилдөөсү башталат. Бул менин жеке көз карашым эмес, бул буга чейин эле кармалып келген эреже, тагыраагы мыйзам. Биздин борбор учурда балдарды эмдөөдөн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн керектүү документацияларды даярдап жатат. Коронавирустун балдарга ылайыкталган вакцинасын сыноо иштери жарым жылдан кийин башталышы мүмкүн", - деп айткан ал.

Маалым болгондой, 18-июнда Николай Гамалея атындагы Улуттук эпидемиология жана микробиология илимий борбору тарабынан иштелип чыккан коронавирустук вакцинанын клиникалык сыноолору башталгандыгын маалымдаган. Анын экинчи фазадагы сыноолору 3-августта соңуна чыгары айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: