Өкмөт тарабынан Ысык-Көл облусуна 30 кычкылтек концентратору жана жеке коргонуучу каражаттар берилди
Өкмөт тарабынан Ысык-Көл облусуна 30 кычкылтек концентратору жана жеке коргонуучу каражаттар берилди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Ысык-Көл облусуна 30 кычкылтек концентратору менен бирге 80 пульсоксиметр, 200 респиратор бет кап жана 4 миң коргонуучу костюм келген, алар региондор боюнча бөлүштүрүлдү.
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев билдиргендей, бүгүнкү күндө облуста 539 кычкылтек концентратору бар.
“Акыркы апта ичинде региондордогу медмекемелерге 320 кычкылтек концентратору түшкөн, анын ичинен 80и өкмөт тарабынан, 23ү жергиликтүү бюджеттин эсебинен, 214ү ишкерлер жана кайдыгер эмес жарандар тарабынан берилген. Кыйын абалдан биз медиктерди биринчи кезекте колдоп, биргелешкен аракеттер менен гана чыга алабыз”, - деп билдирди ал.

