Өзгөчө кырдаалдар министри инженердик-техникаларды начар абалга келтирген жетекчилерге чара көрүлө турганын айтты
Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борборунун атайын техникаларынын абалы менен жеринен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндөгү табигый кырсыктардын алдын алууда тиешелүү жетекчиликке тапшырма берди.
Ошондой эле министр өз сөзүндө инженердик-техникаларды начар абалга келтирген жетекчилерге чара көрүү боюнча иштер жүргүзүлөрүн айтты.
Буга чейин Замирбек Аскаров ӨКМнын негизги милдети болгон табигый кырсыктардын алдын алуу иштери солгундалбашын тиешелүү башкармалыктын жетекчилерине тапшырма берген. Мерчемделген объектилердин арасынан эң орчундуу жана кечиктирилгис жумуштар өлкөнүн бардык аймактарында жүрүгүзүлүүдө.



1 |