super.kg logo

Бишкекке Екатеринбургдан 188 Кыргыз жараны кайтып келди

 

Бишкекке Екатеринбургдан 188 Кыргыз жараны кайтып келди. Маалыматты Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан бүгүн, 21-июлда кабарлашты.

Чартердик каттам менен өлкөгө Екатеринбург, Челябинск, Тюмен, Сургут, Жаңы Уренгой, Салехард, Курган, Ноябрьск жана Пермиден кайтууга өзгөчө муктаж болгон жарандар келишти (ар кандай оорусу бар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, улгайган курактагылар, кош бойлуу жана жаш балалуу аялдар, ошондой эле турмуштун оор сыноосунда калган жарандар).

:Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан келген жарандардын, кыргыз диаспора уюмдарынан келип түшкөн кайрылууларын эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле көрсөтүлгөн категориядагы жактарда "Авиатрафик" компаниясынын каттамдарына мурда сатып алган авиабилеттердин болушу эске алынган, алар эпидемиологиялык жагдайдан улам ишке ашырылбай калган.

Чет мамлекетте жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: