super.kg logo

Депутат Бакыт Төрөбаев пневмониядан айыкты. Ал Жалал-Абадга күндүзгү стационар ачып жатат

 

Депутат Бакыт Төрөбаев пневмониядан айыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бакыт Төрөбаев пневмониядан сакайып, ооруканадан чыгып, жумушка киришти. "Учурда ал Жалал-Абад шаарында жүрөт. Төрөбаев аталган шаарга өз демилгеси менен күндүзгү 50 орундуу стационар ачып жатат. Анда бардык тиешелүү медициналык жабдыктар менен камсыз болуп, тамак-аш уюштурулат. Бул иш аракет Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен макулдашылып, стационарга адистерди коюу сүйлөшүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Буга улай эле Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчис Ибраим Нуракун уулу да маалымат таратты. "Жаңы эле "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен сүйлөштүм. "Каза болуп калыптыр" деген фейк маалыматтарга ишенбеңиздер, ден соолугу жакшы, сакайып чыгыптыр. Бул күндөрү Жалал-Абад шаарында 50 орундук стационар ачууга аракет кылып жүрүптүр. Бир гана маселе эмгек акысын жогору кылып төлөп берели десек да врачтар табылбай жатат дейт. Депутат жакында эле Ош шаарындагы мейманканасын медицина кызматкерлери үчүн обсервацияга берген. Андан мурдараак Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына 1 миллион сом которгон", - деген билдирүү жарыялады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
21.07.2020. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туштон кийин жон еле койсо болмок!
Шайлоого жакын калганда,иштемиш болбой
21.07.2020. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Bakyt813,Туштон кийин жон эле койсо болмок дейсинда али боло элек туштон кийин, бул биринчи, экинчиден Бакыт Торобаев олуптур дегендерге чыгарды бул макаланы менин тушунугум менен. Шайлоо болобу болбойбу азыр биз жардамга муктажбыз тууган.
21.07.2020. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ден соолук жакшыбы даам сезип, жыт билип калдынызбы температура туштубу ал курубай калдыбы Бакыт ака. Тамактан баса баса жен.
21.07.2020. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Афёр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: