Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды
Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун атына Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 10 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.
Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген материалдарды эске алуу менен президент судьялык кызматка 9 талапкер боюнча Кеңештин сунуштарына макулдук берди.
Мамлекет башчы бир талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка бул талапкер боюнча материалдарды кеңешке кайтарды.
Жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына 9 талапкер боюнча президенттин жарлыктары чыккан.
Биринчи жарлык менен тандалып алынган 9 талапкер Конституцияда белгиленген мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялык кызматына дайындалды.
Экинчи жарлык менен дайындалган судьялар Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна судьялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн жиберилди:
- Абдуразак Боромбаев;
- Венера Жаныбек кызы;
- Кундус Исаева;
- Эмилбек Каипов;
- Алмаз Калыбаев;
- Айнура Сатарова;
- Марат Сыдыков;
- Мирлан Термечиков;
- Айгүл Уметова.
Бул жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

