Ырчы Анжелика: "Президент менен болгон жолугушууда ачуу чындыктар айтылды"
Бүгүн, 21-июлда президент Сооронбай Жээнбеков ыктыярчылар менен жолукту. Ырчы Анжелика жолугушуу 3 саатка чейин созулганын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Бүгүн президент менен болгон жолугушуу 3 саатка созулду. Ал жолугушууга келген ыктыярчылардын ар бир оюн, сунушун укту. Чоң оорукана куруу боюнча биздин сунушубузду колдоп, тез убакыттын ичинде качан курулуп баштай турганын айта турган болду. Андан тышкары эскирген мейманканаларды обсервацияга сураганда, ал жакка каражат бөлүнүп бериле турганын айтты.
Ыктыярчылар болгон бугун чыгара ар бириңиздердин атыңыздардан жазган кайрылууларыңызды жеткирип, ызаланып, ачуу чындыкты бетке айтып, дароо жооп алдык.
Бүгүн жолугушууга келген ыктыярчылардан турган "Улуттук кыймыл" түзүлдү. Биз түзмө-түз ажонун аппараты менен иш алып баруу үчүн вотсаптан тайпа ачылды", - деп жазат ырчы.


Азаматсынар силерди АЛЛАХЫМ колдосун.