super.kg logo

Өлкөгө жакынкы күндөрү тоннасы менен медициналык каражаттар, зарыл болгон дарылар алып келинет. Тизме

 

Буга чейин өлкөдө дары каражаттарына болгон суроо-талап жогору болуп, ажиотаж жаралган. Учурда бизде дары-дармектердин, тагыраагы антибиотиктердин жетишсиздиги жок дейт премьер-министр Кубатбек Боронов.

"Өлкөгө зарыл болгон дары-дармектер алып келинет, тизмеде 59 препарат бар. 17-июлда Беларустан 5 тонна дары-дармек алып келинген.

21-июлдан тартып Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан сатылып алынган Шанхай-Бишкек каттамы менен 42 миң 920 даана Эноксапариндин партиясы жана Надропариндин 33 миң даана партиясы келет. Ал эми жакынкы күндөрү Индиядан 8 тонна дары каражаты жана айдын аягында 25 миң таңгак Гепарин, 10 миң таңгак Цефепим, 36 миң таңгак Цетазидим келери күтүлүп жатат. Августун башында 30 миң таңгак Цефепим, 75 миң таңгак гепарин дарылары келет”, - деди Боронов.

Анын айтымында 25-июлга чейин такталган маалымат боюнча фармацевтикалык субъекттер тарабынан төмөнкү препараттардын келүүсү күтүлүп жатат:
Фраксипарин (нандропарин) 1000 таӊгак;
Эноксапарин 8954 таӊгак;
Гепарин 13000 таӊгак;
Ривароксабан 500 таӊгак;
Ар кандай топтогу антибиотиктер 46250 таӊгак;
Пропофол 2500 таӊгак;
Суксаметоний 6000 таӊгак;
Парацетамол 100 000 таӊгак;
Аскорбинка 200 000 таӊгак.

25-июлга чейин ошондой эле антибиотиктердин 26 990 таӊгагы келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
21.07.2020. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Баарын химия менен уулап олтурот экенсинер да.Даарылардын кандай сапатта чыкканын текшерген бизде тийешелуу мекеме барбы озу?Дары аты болсо эле болдубу
21.07.2020. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Rahim76,кысталак жазган коментин кара ушул дарылар жок жетишпей канчалаган мекендештерибиз каза болуп кетти го Аллахка шүгүр деш керек гепарин дарысы келди дегенде түнү менен уктабай кезекте турушту го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: