super.kg logo

Журналист Тынчтык Алтымышев президент менен жолукканда ыктыярдуу жүздөгөн айдоочулардын, медайымдардын эрдиги, эмгеги эске алынышы керектигин айтты

 

Бүгүн, 21-июлда президент Сооронбай Жээнбеков ыктыярчылар менен жолукту.

Журналист Тынчтык Алтымышев жолугушууда эч ким жагалданган жок, эмоциялар менен ачуу чындыктар бүт айтылганын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. "Ал киши териккен жок, чычалабады, укту, дээрлик баарына макул болду", - дейт журналист.

Анда ал бир топ ыктыярчылар президент менен жолугушууда баш тартканын айтканын жазды. "Кечээ сиздин аппараттан Кыргыз өлкөсүндөгү пандемияга каршы күрөштө ыктыярчы болуп иштеп жаткан активдүү жарандарга чакыруу түшкөндө, бир топ ыктыярчылар “президентке жолукканда эмне, айтканда эмне, баары бир эч нерсе чечилбейт” деген позицияда сиз менен жолугушуудан баш тартышты. Сизге бул маалыматты жеткиришпесе керек. Эми бизди уят кылбай, келбегендер бизди "ии, айтпадым беле, бардыңар, айттыңар, эмне чечилди?" дедирбей сунуштарды ишке ашырыңыз эми...", - деп Алтымышев президентке кайрылган.

Ал ыктыярдуу жүздөгөн айдоочулардын, медайымдардын эрдиги, эмгеги эске алынышы керектигин билдирген. Ошондой эле Алтымышев өлкөдөгү бардык банктар насыялардын төлөө мөөнөтүн орум-жыйым аяктаган ноябрь айына чейин узартып, үстөк пайыздарын өстүрбөй, тоңдуруп турушун сунуштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: