Мамлекет жетекчилери коомдук ишмер Жыпар Жекшеевди эскеришти
Мамлекет жетекчилери коомдук ишмер Жыпар Жекшеевди эскеришти. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
21-июлда 73 жаш курагында коомдук жана мамлекеттик ишмер Жыпар Жекшеев оорудан дүйнөдөн кайтты.
"Жыпар Жекшеев Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышынын депутаты катары да демократиялык институттардын калыптанышына жана өнүгүшүнө мыйзамдык негиздерди түзүүгө активдүү катышкан. Сүрөтчү катары Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын башкы катчысы катары да маданияттын өнүгүүсүнө салымын кошкон.
Жыпар Жекшеев кайра куруу доорунда пайда болгон формалдуу эмес уюмдарды жаңы шартта, ачык иштеген уюмдарга айланышына жана мыйзам алкагында алардын аракеттенүүсүнө багыттаган.
Демократиялык көз караштагы жаштарды туура жолго багыттап, радикалдуу кадамдардан аларды сактап, КДКнын демилгеси менен Кыргызстанда тарыхый бурулушка багытталган демократиялык өзгөрүүлөрдүн тынчтык жолу менен өтүшүнө, жыйынтыгында көз карандысыз мамлекеттин кайра жаралуусуна өзгөчө салымын кошкон.
Жыпар Жекшеев өткөөл мезгилдеги демократиялык институттардын түзүлүшүнүн жана өнүгүшүнүн башатында турган демократ саясий жана коомдук ишмерлердин бири катары замандаштарынын эсинде калды. Анын басып өткөн өмүр жолу эркиндикке умтулган жарандын бийик үлгүсү катары келечек муундар үчүн сыймыктуу өрнөк болот.
Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына, аны тааныган, сыйлаган замандаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз", - деп жазылат эскерүүдө.
Сооронбай Жээнбеков, Дастанбек Жумабеков, Кубатбек Боронов, Аида Исмаилова, Бексултан Жакиев, Жумагул Сааданбеков, Абдыганы Эркебаев, Досалы Эсеналиев, Алмазбек Кененбаев, Курманбек Дыйканбаев, Толгонай Стамалиева жана башкалар.

