Бишкек шаарындагы стационарлардан жалпы 61 миңден ашык жаран медициналык жардам алды
Бишкек шаарындагы учурдагы кырдаалга байланыштуу ачылган стационарларга жалпы 61 миңден ашык адам медициналык жардам алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
"Мэриянын күндүзгү жана түнкү стационарлары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Өткөн суткада күндүзгү стационарларга 3 миң 528 адам түнкү стационарларга 654 адам кайрылды. Жалпысынан күндүзгү стационарларга 56 миң 939 адам кайрылды. Анын ичинен 42 миң 261 адам тамчылатма дары, ийне алса, 14 миң 369 адамга медициналык кеңеш берилди. 298 адам ооруканага жаткырылды.
Ал эми түнкү стационарларга 15-июлдан 21-июлга чейин 4 миң 259 адам кайрылган. Анын ичинен 2 миң 195 адам тамчылатма дары, ийне алса, 2 миң 195 адам медициналык жардам алып, 15 адам ооруканага жаткырылган", - деп билдиришти мэриядан.
Эскерте кетсек, калаада 13 күндүзгү стационар саат 08:00дөн 20:00гө чейин, ал эми түнкү 3 стационар 20:00дөн 08:00гө чейин шаардыктарга медициналык жардам көрсөтүүдө. Ар бир стационарда дарыгерлер, медайымдар, санитарлар, ординаторлор жана ыктыярчылар иштеп жатат. Алар жеке коргонуу каражаттары, убактылуу турак жай жана тамак-аш менен камсыздалган.

