Канат Аманкулов олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевди куттуктады



Бүгүн, 21-июлда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов Каныбек Осмоналиевди 1980-жылкы олимпиада оюндарынын 40 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
Каныбек Осмоналиев Москва шаарында өткөн XXII жайкы олимпиада оюндарынын оор атлетика боюнча чемпиону. Канат Аманкулов мамлекеттик агенттиктин атынан Каныбек Осмоналиевге спорттук форма тапшырып, бекем ден соолук, узун өмүр, ишине ийгиликтерди каалады. "Сиз Кыргыз өлкөсүндө жана анын чегинен тышкары жерлерде оор атлетика тарыхында из калтырган чыгаан спортчу катары тааныла алдыңыз. Сиз биздин өлкөдө жогорку деңгээлдеги спорттун өнүгүшүнө өз салымыңызды коштуңуз", - деди ал куттуктоо сөзүндө.
Өз кезегинде Каныбек Осмоналиев мамлекеттик агенттиктин жетекчисине жылуу кабыл алгандыгы жана көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

