super.kg logo

Кыргыз мамлекети менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы “Региондук экономикалык өнүктүрүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

 

Кыргыз мамлекети менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы “Региондук экономикалык өнүктүрүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү макулдашуу мыйзамына президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 18-июнунда кабыл алынган.

Келишимдин максаты Дүйнөлүк банк тарабынан Ош облусунун жана Ош шаарынын институционалдык деңгээлин көтөрүүгө, туризм жана айыл чарба чөйрөсүнө максаттуу багытталуучу иш-чаралар аркылуу экономикалык жана регионалдык өнүгүүнү күчөтүүгө колдоо көрсөтүү.

Экономикалык жана регионалдык өнүктүрүүнү жылдырууда өкмөткө колдоо көрсөтүүнүн алкагында, Дүйнөлүк банк тарабынан 60 миллион доллар жалпы суммасында (30 миллион доллар – грант жана 30 миллион доллар - насыя) "Региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоору иштелип чыккан. Төлөө мөөнөтү ар бир жылдын 15-апрели жана 15-октябры болуп саналат, ал эми 2026-жылдын 15-апрелинен башталып жана 2057-жылдын 15-октябрында аяктайт.

Аталган долбоор Ош облусунун жана Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүндө жумушчу орундарды түзүүгө, жакырчылыкты жоюуга түрткү берүү менен социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө айыл чарба продуктыларына кошумча нарк тутумдарын түзүүгө, өнүктүрүүгө жана туризмди өнүктүрүүгө жардамдашуу аркылуу маанилүү элемент болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: