Кадамжайда жааган жамгырдан көчөлөрдү сел каптады
Баткен облусунун Кадамжай районунда жааган жамгырдан көчөлөрдү сел каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 21-июлда саат 21:00 чамасында кыска мөөнөттө жааган жамгырдан Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагына караштуу Умай-Эне айылынын тоо кыркаларынан сел суулары түшүп, көчөлөрдү сел суулары каптаган деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган. Кошумча маалымат берилет", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:58
2026-03-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















