super.kg logo

Президент дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүгѳ багытталган мыйзамына кол койду

 

Президент Сооронбай Жээнбеков "Дене тарбия жана спорт жѳнүндѳ" мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу” мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 10-июнунда кабыл алынган.

Аталган мыйзам спортто тыюу салынган ыкмаларды жана субстанцияларды колдонууга жол бербөө менен спортчулардын таза атаандаштыкка негиз салуучу укуктарын коргоо жана дене тарбия менен спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ишиндеги коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында кабыл алынган.

Мыйзам спортто Допинг менен күрөшүү жөнүндө эл аралык конвенциянын алкагында алынган милдеттенмелерди аткаруу, дене тарбия жана спорт боюнча ыйгарым укуктуу органдын Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши тарабынан жактырылган толук планын ишке ашыруу, ошондой эле дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүгѳ багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: