Чаткалда дайынсыз болуп изделип жаткан 61 жаштагы кишинин жансыз денеси суудан табылды
Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында 1959-жылы туулган эркек киши дайынсыз болуп 15-июлдан бери изделип жаткан. 21-июлда анын жансыз денеси табылганын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, милицияга 19-июль күнү кабар келип түшкөн. 21-июль күнү издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМнын №81 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жана ИИМден 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 35 адам тартылган.
Издөө иштеринин натыйжасында Чаткал дарыясынан маркумдун жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилгенин мекемеден кабарлашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
rola

22.07.2020. 10:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээ тооба кылдык Алла сактасын.Арты кайырлуу болсун.Каякка караба олум-житим.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.