super.kg logo

Коронавирус каттала элек Түркмөнстанда президенттин жездеси инфекциядан каза болгондугу айтылууда

 

Коронавирус инфекциясы расмий түрдө каттала элек Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердымухамедовдун бир тууган жездеси Аннаназар Режепов коронавирустан каза болду. Бул тууралуу саясат таануучу, Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды.

"Президент Бердымухамедовдун эжесинин күйөөсү Аннаназар Режепов коронавирустан каза болду. Эске салсак, Евразия чөлкөмүндө ушул убакытка чейин жалгыз Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө илдет жок деп билдирип келет. Мындан тышкары президенттин эжеси Дурдынабат Режепова ИВЛ аппаратына туташтырылган", - деп жазган Дубнов.

Ошондой эле Дубнов Аннаназар Режепов жана анын уулу Түркмөнстандагы эң мыкты административдик, чекене жана өндүрүштүк объектилерге ээ болгон бир нече компанияларды көзөмөлдөп, кирешелүү өкмөттүк келишимдерди, анын ичинде Ашхабад-Түркмөнабат автожолун куруу боюнча келишимди 2 миллиард 300 миллион долларга алгандыгын жазган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: