super.kg logo

Капкактуу бет кап кийген адамдан коронавирус жуктуруп алуу мүмкүн

 

Бет каптын үстүнкү бөлүгүндө капкак жайгашкан түрү вирус жана бактерияларды өткөрөрүн саламаттыкты сактоо тармагы боюнча иш алып барган америкалык эксперттер аныкташты. Андай бет каптуу адамдан коронавирус жуктуруп алуу мүмкүн. Бул тууралуу Foxnews жазып чыкты.

Капкагы бар N95 бет каптары адам демин чыгаргандан кийин коронавирустун бөлүкчөлөрүн кармап калуунун ордуна микробдорду жайылтат дешет алар. Сан-Франциско шаарынын башкы санитардык врачы Томас Арагондун билдиришинче, мындай бет каптар капкагы аркылуу бөлүкчөлөрдү сыртка өткөрөт. Аталган дарыгер капкактуу бет каптардын кооптуу экендиги тууралуу билдирмеге да кол койгон. "Дем алууну жеңилдетет делген бир тараптуу капкагы бар бет каптардын баары бет каптын тегерегинде вирустардын жайылышына жол ачат жана ошону менен ага жакын келген адамдарга коркунуч жаратат", - дейт Томас Арагон.

Калифорния университетинин доктору Мэтью Спрингер да мындай бет каптардын пайдасы жок экендигин айткан. "Симптому жок вирусту алып жүрүүчүлөр бет кабынан бөлүкчөлөрдү чыгарып жайылта беришет", - дейт ал.

Эксперттер капкактуу бет кап алгандарды капкагын скотч же изолента менен чаптап коюусун сунушташат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
22.07.2020. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Демек респиратор дагы кооптуу, кандай маска тагынышты деле билбей калдык го.
22.07.2020. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
-BOSS-, Маска тагынбаган кишиге кооптуу. Клапан абаны тазалап киргизет, булганган абаны сыртка чыгарат. Респиратор тагынган ооруулуу кишинин жанында, маскасыз журсо, ошол кишиге жугушу мумкун.
23.07.2020. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Makedonia,клапан абаны тазалабайт, ал жон гана абаны сыртка чыгарып турат
stal.ks түзөттү 2020-07-23 01:39:33
23.07.2020. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул масканы учурда ооруп атса кийбеши керек экенда, а оорубагандар кийе берсе болот деп тушундумда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: