super.kg logo

Клиникалык өлүм болгону айтылууда. "Өлүп калсам кызыма аны жакшы көрөрүмдү айтып койгула" деген жаран тирүү экени белгилүү болду

 

Буга чейин социалдык тармактарда ыктыярчы кыз бейтапка жети мүнөт жетишпей калганын, бейтап ага "өлүп калсам кызымды жакшы көрөрүмдү айтып кой" дегенин айтып, ыйлап жаткан видео кызуу талкууга алынган.

Ал адам тирүү экенин жана кечээ күнү ыктыярчы кызга жолугуп, ыраазычылыгын билдиргенин ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Аталган окуя интернетке жарыялангандан кийин ИИМдин тергөө кызматы окуянын чоо-жайын текшерүү максатында бейтапты кайсы оорукана кабыл албай койгондугун текшерүү үчүн бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, ыкчам иликтөө иш-чараларын баштаган.

Алдын ала иликтөө боюнча А.Мурзаева өз ыктыяры менен “Жаштар демилге борбору” коомдук уюмунда ыктыярчы болуп иштеп жаткан. 16-июлда саат 22:50дө Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунда көчөдө бир адам эс-учун жоготуп жатат деген маалымат түшүп, ал жерге барган ыктыярчылар дем алуусу кыйын болуп жаткан адамды түнкү стационарга алып барышкан. Стационардагы дарыгерлер бош орун жок экендигин айтышкан. Бирок убактылуу болсо дагы башка ооруканага жаткызганга чейин кычкылтек концентраторуна кошуп турууга макул болуп, ал адамды стационардын ичине алып кирип кетишкен.

Арадан он мүнөт өткөндөн кийин стационарда иштеген дарыгерлердин бири бейтаптын жүрөк согуусу токтоп, каза болуп калгандыгын билдирген. Ал адамдын кандайдыр бир кыска убакытка клиникалык өлүм абалында болгондугу айтылууда. Ыктыярчылар кетип калышкандан кийин бейтап кайрадан эсине келген. Иликтөө иш-чараларынын учурунда жогорудагы каза болуп калды деген маалымат жалган болуп чыкты. Ал тирүү эле экен, Ат-Башы районунун тургуну, учурда Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда жашаган 45 жаштагы Ж.К. экендиги аныкталып, анын эч кандай каза болбогондугу белгилүү болду. Ат-Башы районундагы туугандарына чейин байланышып, анын аты-жөнүн тактоого туура келди. Аталган жарандын айтымында, 16-июль күнү болжол менен саат 22:00 чамасында мас абалында жүрүп, кан басымы көтөрүлүп, Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунда жолдо жатып калган. "Мени ыктыярчылар өздөрүнүн унаасына салып, ооруканага алып жөнөштү. Жолдон өзүмдү бир жоготуп, бир өзүмө келип жаттым. Жанымдагы ыктыярчы кызга "менин кызымдай болгон кыз экенсиң, эгерде мен өлүп калсам, кызыма аны жакшы көрөрүмдү айтып койчу" деп кайрадан өзүмдү жоготуп койдум" деп билдирген. Бир канча убакыттан кийин көзүн ачса, ага тамчылатма дары коюшкандыгын көрүп, ошондо гана ооруканада жатканын билген. Тамчылатма дары алып бүткөндөн кийин ал жактагы медициналык кызматкерлердин уруксаты менен үйүнө кеткендигин билдирген.

Каза болду деген маалымат туура эмес экенин жана учурда абалы жакшы болуп калганын билдирди. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө амалдары аяктап, иш кыскаруунун алдында турат", - деп жазган Сеитов.






"Өлүп калсам кызыма аны жакшы көрөрүмдү айтып койгула" деген жаран тирүү экени айтылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(11)
22.07.2020. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Кино болуп кеттиго
22.07.2020. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-24
Кээ бир ыктыярчылар озун коп пияр кылып жиберип жатат.
23.07.2020. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Timurlan2017,пейилди оңдош керек экен, баардык адамдар бирдей эмес
23.07.2020. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Timurlan2017,
Татыктуу, президент деле тартып сайтына чыгарып турат, кылган жумуштарын!
22.07.2020. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ичип алып адамды коркутканды токтоткулачы!Кун ыссыкта ичип алып журсо ошондой болот.
22.07.2020. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ажалы жок экенда
22.07.2020. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ошол кыз видео кайрылуу жасамайынча ишенбейт эч ким. Эгер чын болсо анда арак төтөнүнө киргизе койгон экен. Байкуш кыз соо масына карабай бирдей мамиле кылган экен.
П.С. Мастарга кычкылтек бергенине тан калып жатам.
23.07.2020. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Кыздын озу ыйлаганы шумдук болчу козунон бир тамчы жаш чыкпай отуруп алып унулдап. Кимге жана эмне кереги бар мындай шоунун. Тируу адамды олду кылып озун видеого тарттырып уууууу деп ыйламыш болуп.
23.07.2020. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Койгулачы эй, керек болсо ошол жаштар бекер иштеп берип жатат элим деп жанын тобокелге салып. Колунда адам өлүп жатса көптү көрө элек неме ыйлады да. Врачтарды жамандап жатып өзүбүз кайдыгер кылабыз.
23.07.2020. 04:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жок дегенде 1 гул которо барса болмок экен
23.07.2020. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай жакшы жанылыктар болуп турсунчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: