super.kg logo

Екатеринбургда Кыргыз-Тажик жарандарынын ортосундагы мушташ. Полиция кармаган балдар бошотулду

 

Екатеринбург шаарында Кыргыз-Тажик жарандарынын ортосундагы мушташ тууралуу Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу төмөнкүчө маалымат таратты.

"18-июль күнү Екатеринбург шаарынын райондорунун биринде футбол ойноп жаткан учурда кыргыз жана тажик улутундагы жаш жигиттердин ортосунда арзыбаган нерсе үчүн мушташ орун алган. Бул спорттук аянтчада дем алыш күндөрү ар улуттагы жаштар футбол жана волейбол ойноп турушат. Эртеси, 19-июлда эки тараптан тең адамдар келип, маселени чечүүнү улантышкан. Жыйынтыгында окуя тирешүүгө чейин жетип, эки тараптагы адамдардын тең денелерине залал келтирилген.

Маалыматка ылайык, полицияга расмий кайрылуу түшкөн эмес. Ал эми бул окуя пикир келишпестиктен улам мушташуу катары катталган. Жаңжалды токтотуу үчүн кыргыз жана тажик коомдук диаспоралык уюмдардын жетекчилери менен активисттери ишке тартылган. “Урал калктарынын үйү” уюмунун жетекчилиги менен биргеликте кыргыз жана тажик коомдук уюмдарынын өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу өткөрүлгөн. Алар өз мекендештеринин арасында боордош эки элдин ортосундагы салттуу достук мамилени сактап калуу чакырыгы менен активдүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Ал эми полиция кармаган балдар суракка алынып, эскертүү берилген соң бошотулган. Бир нече адамга административдик тартипте айып салынган. Эки Кыргыз жаранын сабаган деп шектелгендер кармалып, мыйзамга ылайык чара көрүлмөкчү. Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу мекендештерден ар кандай чагымчыл мүнөздөгү кайрылуулар менен ушак-айыңдарга алдырбай, туура эмес маалыматты таратуу иш-аракеттеринен алыс болууга чакырат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(3)
22.07.2020. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тажик журналистери биздикине Караганда кыйла алдыда экен, 2 кун алдын болгон иш интернетке кирип карасан баары кыргыз баштаган деп айыптап кыргыздарды жамандап жазышыптыр
22.07.2020. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Баары Кыргыз кыздарга Тажик жигиттер тийишкен үчүн башталган экен.
22.07.2020. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздикилер баары жакшы деп эле кутулат.Бир териштирип чыкса олойун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: