super.kg logo

Индияда коронавирусту дарылоодо колдонулган фавипиравир препаратынын натыйжасы айтылды

 

Индияда коронавирус менен жабыр тартып жаткан бейтаптарга карата клиникалык сыноонун 3-фазасынан өтүп жаткан фавипиравир препараты оң натыйжа көрсөттү. Бул тууралуу индиялык "Glenmark Pharmaceuticals" фармацевтикалык компаниясы билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Андагы маалыматка караганда, препараттын клиникалык сыноосунун 3-фазасына 150 бейтап катышкан. Бейтаптардын дене табы, кандагы кычкылтектин деңгээли жана дем алуусу 3 күндүн ичинде калыбына келген. Сыноодо бул препараттын оң натыйжасы башка дарыларга караганда 40 пайызга эрте болгону байкалган.

"Биз фавипиравир препаратынын натыйжасына канааттандык. Ал илдеттин жеңил, орточо оор түрү менен жабыркап жаткан бейтаптардын абалынын жакшыруусуна жана илдеттин курч формасына өтүп кетүүсүн алдын алаарына кепилдик болду", - деген аталган фармацевтикалык компаниянын вице-президенти, доктор Моника Тандон.

Акыркы маалыматтар боюнча, Индияда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 200 миңге жакындап калды. Бул илдеттен 753 миң бейтап айыкса, тилекке каршы 28 миңден ашууну каза болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(2)
23.07.2020. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тантыбагылачы натыйжасын айтылды деп.
23.07.2020. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайга шүгүр айыгып чыгышсын эртерээк эле элге жетсинчи бул даарылар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: