ЖКда калкынын саны аз болгон айылдарды бириктирүү сунушу айтылды
“Кыргызстанда районго жана республикага баш
ийген шаар” деген шаарлардын 2 түрү болушу керектиги тууралуу сунуш ЖКнын жыйынында айтылды. Бул тууралуу “КРнын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” мыйзам долбоорунун
демилгечилеринин бири Өмүрбек Текебаев бүгүн, 12-сентябрда ЖКнын жыйынында
билдирди. Айтымында, Кыргызстанда учурда 31 шаар бар. “Кээ бир айылдарда 30-60 миң
калк жашаган айыл өкмөттөрү бар, айрым айыл өкмөттөрүндө 2 миң эле адам бар.
Ушуга байланыштуу айылдарды, айыл өкмөттөрүн бириктирип, укуктук базаларды
түзүү керек. Бул мыйзам долбоорунун негизи ушунда”,- деди Текебаев. Өз
кезегинде депутат Кожобек Рыспаев бул мыйзам долбоору абдан жакшы экендигин
айтып, бул маселе боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу өкмөткө тапшырылганын
айтып, бирок жыйынтык чыкпай келгенин билдирди.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















