super.kg logo
  Саясат  

КТРКнын Байкоочу кеңешинин 2 мүчөсү бекитилди

 
Бүгүн, 12-сентябрда КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамына президент тарабынан сунуш кылынган талапкерлерди бекитүү жөнүндө маселе каралды. Сунушталган талапкерлер Ирина Абдырахманова менен Калыбек Асылбашевди президенттин ЖКдагы өкүлү Орозбек Молдалиев тааныштырды. Айтымында, президент тарабынан сунушталып, Байкоочу кеңешке шайланган эки мүчө башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу жаңы талапкерлер сунушталган. Жашыруун электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгында талапкерлер Ирина Абдырахманова 76 добуш менен Калыбек Асылбашев 67 добуш менен КТРКнын Байкоочу кеңешине мүчө болуп бекитилди. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: