super.kg logo
  Саясат  

Мурдагы элчи Кылычбек Султан УКМКга суракка чакырылды

 

Мурдагы элчи Кылычбек Султан УКМКга суракка чакырылды. Кечээ, 22-июлда бул тууралуу ал өзү "Чагылгандай #REакция. Эртең саат 09:00гө УКМКга чакыруу келди" деп социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Андан бир күн алдын мурдагы элчи "5-август 2020-жыл. "Сооронбай Жээнбековго – импичмент!". Кайдыгер эмес жарандардын нааразычылык митинги" деген билдирүү жарыялаган болчу.

Митинг тууралуу маалыматта: "Нааразычылык митингдин датасы өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша Демилгечи топ тарабынан такталат. Нааразычылык митингдин негизги талаптары кайдыгер эмес жарандардын сунушун эске алуу менен Демилгечи топ тарабынан макулдашылат. Аталган топ Кыргыз Республикасынын активдүү жарандарынан, саясатчылардан, саясый партиялардан турат", - деп жазылган.

Буга чейин 6-июлда мурдагы элчи Кылычбек Султан элдин ишенимине негизделген өкмөттү дайындоо керектигин айтып чыккан эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: