Казакстанда COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 77 миңге чукулдады
Казакстанда COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 76 миң 799га жетти. Акыркы бир сутка ичинде аталган өлкөдө 1 миң 646 адамдан илдет аныкталган. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, жаңы катталган 1 миң 646 адамдын 868и вирустун симптомдорун алып жүрүүчүлөр болсо, 778и ооруну симптомдору жок алып жүрүүчүлөр болгон. Сутка ичинде эң көп бейтаптар Алма-Атада (216) жана Нур-Султан шаарында (236) калгандары башка аймактардан катталган.
Казакстанда жалпы 46 миң 790 бейтап оорудан сакайган, тилекке каршы, 610 адам көз жумган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.