super.kg logo

Украинада карантин 31-августка чейин узартылды

 

Украинада коронавирустун тездик менен жайылышына байланыштуу 31-августка чейин карантиндик чектөө киргизилди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Украинада биринчи карантиндик чектөөлөр март айында киргизилген болчу. Май-июнь айларында карантин жеңилдеп, коронавирустун жайылышы бир аз басаңдап, чектөөлөр 31-июлда алынмак. Бирок карантиндик чектөөлөр жеңилдетилгенден кийин өлкөдө коронавирустун жайылышы кескин өсө баштаган.

Акыркы күндөрү коронавирустук инфекциянын жайылышынын жаңы учурларынын саны күнүнө 800 адамдан ашты. Азырынча Украинада инфекция жуктургандардын жалпы саны 60 миң 995 адамды түзөт. Алардын ичинен 1 миң 534 адам көз жумду.

Маалыматка ылайык, бет кап кийип, коомдук жайларда 1 жарым метр аралыкты сактоо керек. Ошондой эле оору кеңири жайылган өлкөлөрдөн келгендер эки аптага карантинге алынышы же коронавирустук тесттен өтүшү керек деп айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: