УКМКга чакырылган мурдагы элчи Кылычбек Султан: "Бийлик акыркы жылдары олуттуу иштер менен эмес, ооз жаптыруу менен алек болуп жатат"




УКМКга чакырылган мурдагы элчи Кылычбек Султан бүгүн, 23-июлда саат 11:00дө суракка кирип кетти.
Ал УКМКнын суракка чакыруусу боюнча SUPER.KG порталына мындай деди: "Акыркы жылдары мамлекет орчундуу, олуттуу иштер менен алектенбей, коркутуп-үркүтүү, ооз жаптыруу иштери менен алектенип жатат. Кандай гана себеп менен чакырышса дагы бул көрүнүш коркутуу-үркүтүү, жазалоо аракети болуп саналат. Элдин пикирин ээн-эркин айтууга бөгөт коюу аракеттеринин бири".
Буга чейин, 6-июлда мурдагы элчи Кылычбек Султан элдин ишенимине негизделген өкмөттү дайындоо керектигин айтып чыккан эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

