super.kg logo

"Ай-ай, эзилип бүттүм" деп "Москва-Ситиде" ырдаган кыргыз жигит. “Кокусунан тартылган видео менен интернет жылдызы болом деп эч ойлогон эмесмин” дейт ал

 

"Москва-Сити" борборунда “агарып аткан таңым элең сен” деп мукамдуу үнү менен созолонто ырдаган Толкунбек эсиңиздедир. Аталган видео социалдык тармактарга тарап, интернет желесинен түшпөй калганы бышык.

Анын биринде алып баруучу жана актёр Эркин Нурбаев Инстаграм баракчасына “Ушул видеодо ырдаган жигитти кантип тапсак болот, акчалай болбосо дагы бир ырын жаздырып, клип тартып берсек сонун болчудай. Менин чоң кыялым бар... Таланттуу мекендештерибиз өлкөбүзгө кайтып келсе. Эл ичи, өнөр кенчи” деген билдирүү жазган.

Ал эми аталган ырды аткарган мекендешибиз Толкунбек Курманбеков SUPER.KG порталына кыскача маек берди.

- Саламатсызбы? Алгач өзүңүз тууралуу кыскача айта кетсеңиз.

- Саламатчылык. Мен 1998-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда жарык дүйнөгө келгем. Билимим орто. Мектепти бүтөөрүм менен Орусияга келип, ошол бойдон ушул жакта жүргөнүмө 5-6 жыл болду. Ортодо Кыргыз өлкөсүнө барып, аскердик кызматымды өтөп келгем. Үй-бүлөдө 6 бир тууганбыз.

- Мекенге кайтып келгенде чыгармачылык менен алектенесизби? Алдыда кандай пландарыңыз бар?

- Буюрса деп турам. Эл колдоп, чыгармачылыгыбызды жактырып турса сөзсүз түрдө ырдап чыгабыз деген үмүттөмүн.

- Интернетке тараган видео тууралуу айта кетсеңиз, ырдайм деп атайын даярдык көрсөңүз керек?

- Жок (күлүп). Видео кокусунан тартылган, бул ыр менен интернет жылдызы болуп кетем деп такыр ойлогон эмесмин. Достор менен бир аз сейилдеп жүрүп, ырдап койдук эле. Видеону өзүм жүктөгөм, мага көп деле жаккан эмес, ошол үчүн 5 сааттан кийин өчүрөм деп жазып койгом. Көрсө видео тарап кетиптир, анан эле Кыргыз өлкөсүнөн тынымсыз жазып башташты. Жардам берем, колдойм деген инсандар дагы өтө көп болду. Ал байкелерге ыраазымын. Ал эми ырдын автору, досум Бекжан Темирханов.

- Аталган видеонун алдында ой-пикир калтырган бөлүктү окуп жатсаңыз керек, көпчүлүктү кызыктырган суроо жүрөгүңүздүн ээси барбы деп сурап жатышат.

- Жок. Азыр эми жашпыз. Жүрөгүм дагы, башым дагы бош (күлүп).

- Маегиңизге рахмат! Ишиңизге ийгилик!

- Сиздерге дагы рахмат!

Учурда өлкөдө болуп жаткан акыркы оор кырдаалда коомго позитивдүү маанай тартуулаган себептер да аз болууда. Кээде шаңдуу жана жагымдуу ыр уксаң мээң сергип, көңүл көтөрүлүп калат эмеспи. Андыктан элдик таланттарды да колдоп, жакшы сөздөрүбүздү айтып туралы.






“Кокусунан тартылган видео менен интернет жылдызы болом деп эч ойлогон эмесмин” Москва ситиде ырдаган мигрант

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 13 
Комментарийлер(24)
23.07.2020. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Молодец
23.07.2020. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Таланттын оркундой берсин.
23.07.2020. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Журогундун ээси бар учун ушул ырды ырдап ататта берилип.Азаматсын.
23.07.2020. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Шишкебек бышырып атып ырдаган баланын ыры соонун чыккан.
23.07.2020. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Topcubai,менда ошентип оюлодум бул балага Караганда тиги бала жакшы ырдаган
23.07.2020. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Topcubai,оа ошол жигиттики необысный чыккан.супер ошол жигиттида тапсаңар
23.07.2020. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азамат. Аябай жакшы ырдаптыр. ОЗУ дагы таланттуу бала экен.
23.07.2020. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эзип коюптурсун иним, азамат! Талант бар экен сенде, ырдасан болот.
23.07.2020. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азамат соонун ырдаптыр бар үнү м.н чын жүрөктөн берилип эркин ырдаптыр. Таланты бар бала экен.
23.07.2020. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алтыны келчи куттурбой! Красавчик!
23.07.2020. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Талантын ташкындай берсин!
23.07.2020. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шишкебек бышырып жатып ырдаган бпланы таап интервю алыңыздарчы супер инфо ошол баланыкы өзгөчө болгон
23.07.2020. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шишкебек бышырып жатып ырдаган бала сонун ырдаган
24.07.2020. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ыр кимдин ыры?
26.07.2020. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baktyluu_bolgum_kelet,досу Бекжан Темирхановдуку экен
24.07.2020. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун ырдаптыр азамат
24.07.2020. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шишкебек бышырып атып ырдаган бала аябай соонун ырдаган. Кыймылдарыда озуно соонун жарашкан. Ошол баланы да таап интервью алыныздарчы.
24.07.2020. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш эле бала турбайбы. Сонун ырдаган
24.07.2020. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шишкебек бышырып жаткан бала Аксынын кулуну болот.Кызылжар деген айылынан.Бекжан деген бала 96-жылкы.
25.07.2020. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уккан сайын уккун келет молодец
Медиа-портал
25.07.2020. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат аябай жакшы ырдаптыр. Канчалаган кыргызымдын таланттары акча табам деп мигрант болуп журушот.
26.07.2020. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Обону жакты, азаматсын,ийгилик сага
26.07.2020. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай ай ай эзилип буттууууум, аябай озунду куттуууум, кашайып жолдор да жаааабыыыыык, Мен Ошто сен Москвада
27.07.2020. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер голос! ❤️
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: