super.kg logo

CapstroyKG компаниясынан 2 миллион сомго клексан, цефапим, ӨКК жана башка медикаменттер

 

CapstroyKG курулуш компаниясы Кыргызстандын ооруканаларына жана стационардык мекемелерине зарыл болгон медикаменттерди жана өздүк коргоочу каражаттарды сатып берди. Жардамдын жалпы суммасы 2 миллион сомду түздү.

Алар төмөнкү зарыл болгон медикаменттер: азитромицин 1500 даана, цефапим 2000 даана, клексан 400 даана, ошондой эле ӨКК, кол каптар, пульсоксиметрлер жана шприцтер.

"Ушундай кыйын кырдаалда кыргызстандыктарды колдоо биз үчүн өтө маанилүү. Берилген жардам кимдир бирөөнүн өмүрүн сактап калууга жардам берээрин түшүнүп турабыз. Ошондуктан, биз аларды атайын Орусиядан сатып алып, Кыргызстанга алып келдик. Баарыбыз биргеликте, ынтымакта бул ооруну жеңебиз деп ишенебиз. Азыркы тапта медиктерди жана жарандарды колдоо өтө маанилүү жана вирус менен күрөшүүгө бардык ресурсту жана күчтү жумшашыбыз керек", - деп баардыгына ден соолук каалоо менен CapstroyKG компаниясынын башкы директору Талантбек Кенжеев билдирди.

Аталган ӨКК жана медикаменттер жетишсиз болуп жаткан борбор калаанын жана региондордун медициналык мекемелерине бөлүштүрүлүп берилет. Көзөмөл жана мониторинг ыктыярчы кыймыл тарабынан жүргүзүлөт.

Акча каражаттарын чогултуу иш-чарасына компаниянын кызматкерлери жана өнөктөштөрү катышты. Өтө маанилүү болгон медикаменттер Орусиядагы кыргызстандыктардын күчү менен сатып алынды.

Компаниянын социалдык демилгелери дайыма өткөрүлүп турат: буга чейин компания медицина кызматкеринин кесиптик майрамына карата батир бериле тургандыгын маалымдаган, мындан тышкары карантин киргизилген убакыттан тартып жарандарга азык-түлүк топтом түрүндө колдоо көрсөтүп келет.

CapstroyKG бизнес-коомчулукту ушундай кыйын кырдаалда кыргызстандыктарды жана медициналык мекемелерди колдоого активдүү катышууга үндөйт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: