super.kg logo

#ДемалКыргызстан: MedCITY кычкылтек концентраторлорун арзан баада сатат

 

MedCITY медициналык комплекси Кыргыз жарандарына кычкылтек концентраторлорун базар баасынан арзан сатууга даяр. MedCITY’нин негиздөөчүсү Замир Чаргынов бул тууралуу кенен айтып берди.

- Кыргыз өлкөсүнө концентраторлорду базар баасынан арзан алып келүү кандай жолдор менен мүмкүн болду?

- Июль айынын башында кычкылтек концентраторлору өмүр менен өлүмдү чечип калганын байкадык. Сатуучулардын көбү мындан пайдаланып, алардын баасын көтөрүп жиберишти.
Чынында кычкылтек концентратору кымбат деле эмес, мурда анын баасы 550-600 доллардын тегерегинде болчу, азыр аны 800 доллардан 1000 долларга чейинки баада сатып жатышат.
Бул сумма аймактагыларды мындай кой, шаар үчүн да чоң сумма. Кыргыз өлкөсүнө ушундай оор абалда кантип пайда тийгизсек болот деп ойлонуп, чечим таптык. Кытайдагы концентратор чыгарган заводдорго жана авиаташууга жеңилдик берген түрк авиакомпаниясына түз байланышка чыгып, аппараттардын баасын 600-650 долларга чейин түшүрүүгө мүмкүн болду. Август айында бул бааны 500-550 долларга дейре ылдыйлатууга аракет кылабыз.

- Азыр баары түрк өндүрүшүндөгү аппараттарды сатып алышууда. Анын баасы сапатынан улам эмеспи?

- Андай деле эмес. Сүрөттөргө карай келгенде алардын тышы да, ичи да окшош экенин көрөсүз. Ошол эле завод, ошол эле модель. Аталышында гана айырмачылык бар.
Түрк бренддеги концентраторду 800 доллардан жогору сатып алып, #ДемалКыргызстан деген жазуусу бар 200 долларга арзан биздикин деле ала аласыз. Бренд үчүн ашыкча чыгым болбоңуз.
Анын үстүнө биз өндүрүшчүлөргө географиялык шартты эсепке алуу менен концентратор жасоосун сурайбыз. Мисалы, 5 литрлик концентратор бийик тоолуу аймакка ылайыксыз, 10 литрлик жакшы. Мындай түрүн эки адамга колдонууга да болот.

- Кычкылтек концентраторлорун сурагандар көппү? Буюртма бергендин баарына жетеби?

- Аптасына бир канча жолу жаңы аппараттарды алып келүүгө аракет кылып жатабыз. Алар учуп келе жатканда эле ээлери табылып калууда, ошондуктан алдын ала буюртма берип коюу туура.
Азыркы тапта кычкылтек концентратору керек эмес болсо, бирок жакын арада алып коёюн деп жатсаңыз, август айын күтө туруңуз. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, кийинки айда баа арзандап калат.
Ошондой эле ыктыярчылар жана кайрымдуулук уюмдары менен иштешүү ниетин билдиребиз. Биз алардын аракеттерин арттырып, УФ-лампаларын жана башка жабдыктарды көрсөтүүдө салым кошууга кубанычтабыз.

- Кычкылтек концентраторлорун жана УФ-лампаларын кайсы жерден сатып алууга болот?

- Бишкек шаарынын Калык Акиев көчөсү, 111 (Рыскулов көчөсү менен кесилишинде) дареги боюнча MedCITY медициналык комплексине (http://www.concentrator.medcity.kg/) келиңиз.
Азыр өтө көп санда ишенимсиз фирмалар бар, алар элдин кайгысынан байып, кардарларынан акча алган бойдон жоголуп кетүүдө. Өз учурунда биз кепилдик беребиз, келишимге кол коёбуз, кокусунан окуя башка нукка түшүп кетсе, анда кардарларга акчасын кайтарабыз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
24.07.2020. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көк сайлык тайкелерго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: