super.kg logo

Бишкек шаарында 30 буу казан кышка даяр

 

Коммуналдык кызматтар 2020-2021-жылдарга жылытуу мезгилине даярдыктарды көрүп жатышат. Шаар тургундарынын үйлөрүн үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу үчүн "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы оңдоо-профилактикалык иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мэриядан билдиришти.

Ага ылайык, учурда көмөкчү шаймандар насостор, желдеткичтер, көзөмөлдөп өлчөгөн шаймандар, электр бөлүктөрү ирээтке келтирилип жатат. Ошол эле учурда буу казандардын имараттарында косметикалык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. 22-июлга карата 30 буу казаны даяр болуп, 1 миң 434 метр жылуулук түйүнү оңдолду.

Эскерте кетсек, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы 624 турак үйдү, 12 саламаттыкты сактоо объектисин, 40 жалпы билим берүү мекемесин, 14 бала бакчаны, 8 жогорку окуу жайларды, 26 башка бюджеттик мекемени жана 193 башка кардарларды камтыйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: