super.kg logo
  Саясат  

Президент Талас облусунун жашоочуларынын катуу тартиби жана жоопкерчилигине жакшы баа берди

 

Бүгүн, 23-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Стационарлар сөзсүз керек. Кыска мөөнөттүн ичинде алар медициналык мекемелердин жүгүн бир топ жеңилдетип, өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Бирок биз бардык аймактарда комплекстүү ооруканаларды дагы кура баштайбыз", - деди Сооронбай Жээнбеков Талас шаарындагы күндүзгү стационарга барган учурунда.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин маалыматына ылайык, күндүзгү стационар 100 орунга ылайыкталган жана ачылган күндөн бери ага миңден ашуун адамдар жардам алуу үчүн кайрылган.

Медициналык кызматкерлер менен баарлашууда президент Сооронбай Жээнбеков аймактарга керектүү дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды жеткирүү үчүн жергиликтүү бийлик бардык чараларды көрөрүн белгиледи. Стационарларды дары-дармектер жана медициналык каражаттар менен өз убагында жана толук камсыздоо зарылдыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы бир топ убакытка чейин аймакка коронавирус инфекциясынын кирүүсүнө тоскоол болгон Талас облусунун жашоочуларынын катуу тартиби жана жоопкерчилигине жакшы баа берди.

Андан соң Сооронбай Жээнбеков Талас районунун Көк-Ой айылындагы кароосуз калган үй-бүлөлүк медицина борборунун имаратын көрүп чыкты. Ал жер 5 блоктон туруп, 160 орундукка ылайыкталган. Ал 2005-жылдан бери иштебей турат. Реконструкциядан кийин орундуктардын санын 300гө чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Мамлекет башчысы жергиликтүү бийликти, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин имаратты реконструкциялоо боюнча ишти ыкчам жүргүзүүгө чакырды. Президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөткө аймактардагы кароосуз калган имараттарды реконструкция кылуу жана заманбап оорукана катары багытын өзгөртүү үчүн ревизия жүргүзүү сунушталгандыгын эске салды.

Бардык облустарда комплекстүү ооруканаларды куруу, ошондой эле күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында имараттарды модернизациялоо боюнча иштер башталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: