super.kg logo

Биринчи вице-премьер суунун азаюу мезгилинин башталгандыгына өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты

 

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков экономика тармагын алдыдагы күз-кыш жылытуу мезгилине даярдоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жана "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК өкүлдөрү аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, суунун азаюу мезгилинин башталгандыгына өзгөчө көңүл буруу керек.

Анын айтымында, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 2019-жылдын 1-октябрына карата 17,2 миллиард куб метрди түзгөн. 2018-жылдын ушул мезгилинде – 19,2 миллиард куб метр, 2017-жылы 19,6 миллиард куб метр болгон. Ал эми ушул жылдын 1-октябрына карата адистердин божомолуна ылайык, алдын ала эсептер боюнча суунун көлөмү 14,9 миллиард куб метр болоору күтүлүүдө.

Алмазбек Баатырбеков билдиргендей, энергетика компанияларынын жетекчилери келе жаткан күз-кыш мезгилинен туруктуу өтүү үчүн, Токтогул суу сактагычындагы суу ресурстарын рационалдуу пайдалануусу, электр жабдууларын жана жылытуучу от казандарын оңдоо-даярдоо боюнча иш чараларды толугу менен аткаруулары зарыл.

"Өкмөттүн токтомунда белгиленген техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жана тиешелүү тапшырмалардын аткарылышын камсыздоо зарыл. Муну менен бирге, калкыбыз үчүн жана бюджеттик уюмдарга отунду даярдоо ишиндеги тендерлерди, ошондой эле элге, айрыкча алыскы айылдарга көмүрдү камсыздоо үчүн керектүү сандагы отун базаларын ачуудагы иш-чараларды өз убагында аткаруу зарылдыгын белгилеп кетким келет. Мамлекеттик тармактык органдар жана жергиликтүү бийлик органдары бардык даярдык көрүү чараларын өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө жүргүзүүлөрү тийиш", - деди ал.

Жооптуу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жылытуу мезгилине сапаттуу даярдык көрүүсү үчүн бир катар тапшырмалар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
23.07.2020. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакиевдин учурундагы заман кайра келе жатат окшойт, Сокен дурайын Атамбаевти сагынат окшойбуз кайра. Бул Соке да бир күнү тезек тергиле дебесе болду.
jigit.paren түзөттү 2020-07-23 22:12:21
23.07.2020. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тезек терип баштай бергиле дептир да.
24.07.2020. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соке кыргызтанды сатат аз күндө
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: