Президент мамлекет мындан ары дагы аймактардагы социалдык жана билим берүү объектилеринин курулушуна чоң көңүл бөлөрүн айтты









"Мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу балдардын гармониялуу өнүгүүсүн камсыздайт", - деди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-июлда Талас районунун Таш-Арык айылындагы жаңы бала бакчанын имаратын көрүп жаткан учурда.
Сооронбай Жээнбеков мамлекет мындан ары дагы аймактардагы социалдык жана билим берүү объектилеринин курулушуна чоң көңүл бөлөрүн белгиледи.
"Биз заманбап стандарттарга умтулушубуз зарыл жана өлкөнүн бардык региондорунда мектепке чейинки тарбия берүүдө мындай шарттарды түзүшүбүз керек", - дейт Сооронбай Жээнбеков.
Бала бакча башчысы Кыял Темирбекова белгилегендей, жергиликтүү балдар карантин режими бүтөөрү менен бакчанын ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Ал буга чейин жакынкы үч айылда бала бакча болбогонун белгиледи. Эми бул билим берүү мекемесине жакынкы айылдардын балдары да келе алышат.





1 |