super.kg logo

"Ухан вирусу": АКШда ооругандардын саны 4 миллиондон ашты

 

Бүгүн, 24-июлга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 15 миллион 437 миң 206 адам жуктуруп алды. Анын 8 миллион 759 миң 886 бейтабы айыгып чыкса, тилекке каршы 631 миң 874 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 4 миллион 34 миң 57 адамдан коронавирус аныкталып, 144 миң 223 адам каза болсо, 1 миллион 233 миң 269 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 2 миллион 287 миң 475 адамдан аныкталды. 84 миң 82 адам каза болсо, 1 миллион 620 миң 313 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 1 миллион 238 миң 798 адам вируска кабылган. 29 миң 861 бейтап көз жумса, 782 миң 607 бейтап оорудан сакайган.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: