super.kg logo

Күтүүсүз байлык. Индияда шахтёр алмаз таап алып, байыган

 

Индиянын Мадхья-Прадеш штатынын Панна районунда жайгашкан Саркоха кыштагынын тургуну шахтадан көлөмү 10,69 карат алмаз таап алган. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары жазышууда.

Жазылган маалыматка ылайык, чоң алмазды таап алган айылдын тургуну 35 жаштагы Анандилал Кхушваха болгон. Ал ижарага алган жеке шахтада иштеп келген. 21-июлда ал көлөмү 10,69 карат, наркы 4 миллион 700 миң рупий болгон алмазды таап алган.

Шахтёр табылгасын шахтадагы 10 кесиптеши менен бөлүшөрүн убада кылган. "Кесиптештердин жардамы менен акыркы 6 айда биз мындай баалуу ташты таба алдык" деген ал.

Кхушваха өзүнө бөлүнгөн акча каражатын баласы жана кызынын окуусуна жумшаарын, калганын үйгө керектей турганын кошумчалаган.

"Бир нерсени так айта алам. Шахтаны ижарага алып, жумушумду уланта берем" деген Кхушваха. Ал эми баалуу таш аукциондо сатылмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(6)
24.07.2020. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин пулга канча болот?
24.07.2020. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Majit1975,Пулга эмес сомго десең
24.07.2020. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
eddi.,өтө эле акылдуусуң го
24.07.2020. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
eddi.,пул дегенди укпай жүргөндөй өлүмүш боло бербегилечи пул акча не болуптур?
Жөлөк пулду укпаган белең?
24.07.2020. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Majit1975, 1USD=74,75INR
satyke түзөттү 2020-07-24 15:27:17
24.07.2020. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай бериптирда.Пейили кенен адам экен озу дагы.Кесиптештери менен болушсо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: