Бишкек шаарындагы кампадан табылган дары-дармектер сатыкка коюлганы аныкталды
Бишкек шаарындагы дары-дармекти катып жаткан кампалар сатыкка даярдалып жаткан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бааны негизсиз жогорулатуу жана дары-дармек каражаттарынын жасалма жетишсиздигин жаратуу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы бир катар тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүздү.
"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, тергөөчү судьянын чечиминин негизинде дары-дармектер сакталган кампаны тинтүү жүргүзүүгө уруксат берилген. Тиешелүү чаралар көрүлүп, анын жүрүшүндө дары-дармек кампалардын биринен табылган. Андан кийин тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө, аталган дары-дармектер андан ары сатуу үчүн өлкөдөгү дарыканаларга жеткирүү пландаштырылганы аныкталды", - деп билдиришти мекемеден.
Буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек шаарында дары-дармектерди катып жаткан кампалар аныкталгандыгы тууралуу айткан.





1 |