super.kg logo

"Өлкөдө тамчылатма дарынын кесепетинен өпкө шишиги жаралып каза болгондор көп" дейт медицина илимдеринин доктору, инфекционист Айнура Кутманова

 

Акыркы убакта өлкөдө өпкө шишиги өлүмгө алып барган учурлар катталууда. Бул тууралуу "Дарыгерге сөз" долбоорунун эфиринде медицина илимдеринин доктору, Эл аралык Жогорку медицина мектебинин жугуштуу оорулар кафедрасынын жетекчиси, саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы штаттан тышкаркы инфекционисти Айнура Кутманова билдирди.

Анын айтымына караганда, акыркы айда бейтаптар пневмониядан жана өпкө шишигинен каза болуп жатат. Андан сырткары көпчүлүк учурда өпкөнүн шишиги оорунун биринчи аптасында эле өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Айнура Кутманова өпкө шишиги туура эмес дарылануудан күчөп кетерин кошумчалады. "Өпкөдөгү шишик тамчылатма дары аркылуу организмге кирген ашыкча суюктуктан күчөп кетет. Биздин протокол боюнча, оорунун жеңил жана орто оор түрүндө таблектка дарыларды гана жазабыз ал эми тамчылатма дарыны сунуштабайбыз. Тамчылатма дары бейтаптын абалы оор формасында гана берилет", - деди ал.

Анын айтымында, тамчылатма дары бейтаптын абалын оорлотуп, адам өлүмүнө алып келиши мүмкүн. Буга мисал катары, бир бейтапты ооруканага алып келген учурда дарыгерлер аны ИВЛ аппаратына кошо албай коюшкан, себеби анын өпкөсүнөн суюктук агып жаткан.

Адистин айтымында, бардык стационарларда бейтаптарга тамчылатма дары активдүү куюлат.

"Биз дарыгерлер менен сүйлөшкөндө, алар бейтаптарга таблетка жазып бергенде, адамдар нааразы болушат жана өздөрү венага дары-дармектерди жазууну талап кылышарын айтышты", - деди ал.

Айнура Кутманова жарандарга дарыгерлерден негиздүү себеби жок тамчылатма жана ийне саюу түрүндөгү дарыларды талап кылбоосун өтүндү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: