super.kg logo

Сузак районунда бир тууган агасынан көз жарган кыз баласынан баш тартты

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда бир тууган агасынан көз жарган кыз мектепти жакшы окуган окуучу болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Сузак райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери айтып берди.

"Кызды учурда таежеси карап жатат. Ооруканадан чыккан. Төрөлгөн наристе уул экен, кыз андан баш тартты. Ымыркай райондогу төрөт үйүндө. Кыздын апасы бүгүн же эртең Орусиядан келип калат. Биздин маалыматтар боюнча кыз мектепти жакшы окуучу экен. Ал эгиздин түгөйү.

Кыз менен сүйлөшүү жүргүзүүдө ал боюнда бар экенин билбегендигин айтууда. Кыздын ичи 19-июль күнү түндө ооруп баштаган. Эртеси аны атасы сокур ичегиси ооруп жатат деп ооруканага алып келген. Медициналык текшерүүдө кыздын кош бойлуу экени аныкталып, көп убакыт өтпөй төрөп койгон.

Ал эми бул иш кандайча болгонун кыз "агам досторуна кетип, үйгө ичип келди. Анан менин бөлмөмө келип ушул ишти кылып койду" деп айтып берди. Эртеси агасы андан кечирим сураган жана жабырлануучунун айтымында агасы андан кийин тийген эмес.

Учурда кызды көзөмөлдөө милдети анын таежесине жүктөлдү. Апасы келгенден кийин алардын жашоо шарттары карап көрүлүп, балким энесине берилет. Биздин башкармалык дагы бул ишти көзөмөлдөп турат", - деди кызматкерлер.

Жалал-Абад ОИИБи бул факты Сузак РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки териштирүү башталган. 20 жаштагы шектүү эки айга камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
24.07.2020. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Арактын кесепети, арактан алыс болуп ыйманга келгиле, арактан эч ким пайда таппайт!
24.07.2020. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кандай гана өкүнүчтүү
25.07.2020. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бойунда болсо не Ичи бооз болуп чыкбайт бекен тоба кылдым, Ичи жок эле кантип Тороп койсун ушул маалга чейин,
25.07.2020. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуш кыздын тагдыры талкаланды.Тообо кылдым ынсап берсин баардык адамдарга.
25.07.2020. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Агасын Таш баранга салса ээ, бечера Кыз неге айткан эмес ата энесине,бул шок омур бою журокто калаткоо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: