Нарында түндө көчөдө жүргөн өспүрүмдөргө рейд жүргүзүлдү
Нарын районунун аймагында "Өспүрүм-түн" операциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Балдардын ден соолугуна, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу багытында, атайын буйруктардын талаптарын аткаруу максатында Нарын районунун аймагында жайгашкан айылдардын көчөлөрү текшерилди. Кечкисин ата-энесинин коштоосу жок жүргөн 2 өспүрүм аныкталып, милициянын таяныч пунктуна алып келинип, өспүрүмдөрдү каттоо журналына каттап, ата-энесине өткөрүп берилди. Түнкү убакта топтошуп мушташуу, өспүрүмдөргө карата жана алар тарабынан жасалган кылмыштардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары кризистик жашоо шартына кабылган балдарды жана ата-энеси миграцияда жүргөн кароосуз калган өспүрүмдөрдү аныктоо максатында үймө-үй кыдыруулар уюштурулду. Жашоо шарты начар үй-бүлөлөргө Нарын РИИБинин жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлордун демилгеси менен азык-түлүк жагынан жардам берилди. Ошондой эле райондун аймагында сууга чөгүү фактысы орун алып жаткандыгына байланыштуу өспүрүмдөргө жана ата-энелерге жайкы каникул убагы болгондуктан, көзөмөлдү күчөтүүнү, сууга чөгүү фактыларын жана жугуштуу илдеттин алдын алуу максатында коомдук жайларда, эл көп чогулган жерлерге бет кап тагынып, өздүк гигиенасын туура сактоо жөнүндө тынымсыз иштер жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

