super.kg logo

«Кумтөр Голд Компани» кызматкерлери регионго жардам берүүнү улантууда

 

«Кумтөр Голд Компани» кызматкерлери Кыргыз Республикасында коронавирустук инфекция менен күрөшүүгө ыктыярдуу жардамдарды чогултууну улантууда. Бул жолу чогулган каражаттардын бөлүгү Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы райондук оорукана үчүн эки муздаткыч жана жеке коргонуу каражаттарынын топтомун сатып алууга багытталды. Жалпысынан 2 муздаткыч, 90 даана коргоочу комбинезон жана 50 даана коргоочу экран-калкан өткөрүлүп берилди.

Мындан мурда Кыргыз Республикасында коронавирустук инфекция менен күрөшүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу үчүн «Кумтөр Голд Компани» кызматкерлеринин ыктыярдуу жардамдарынын эки траншы Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын эсебине COVID19 менен күрөшүү боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги үчүн которулганын белгилей кетмекчибиз.

Андан тышкары Балыкчы өткөөл базасындагы «МАК» автомашиналардын айдоочулары жана диспетчерлери Балыкчы аймактык шаардык ооруканасына 350 000 сом каражат топтоп, ага дарыларды, антисептиктерди, жеке коргонуу каражаттарын (ЖКК), ошондой эле эки кычкылтек концентраторун сатып берүү менен жардам көрсөтүштү.

Каражат чогултуу уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: