Пара алып жаткан жеринен Биринчи Май РИИБинин тергөөчүсү кармалды
Бишкек ШИИББинин өздүк коопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлери Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы менен биргеликте пара алуу фактысына шектеп Бишкектин Биринчи Май РИИБинин тергөөчөсүн кармады.
Автор: Автандил Добулбеков
Аталган тергөөчүнүн үстүнөн шаардын М.С. аттуу тургуну арызданыптыр. Анын айтымында, тергөөчү зордуктоо кылмышына байланыштуу иш козгобоо убадасы менен андан 10 миң сом талап кылган. Тергөөчү А.З. бүгүн, 12-сентябрда аталган сумманы алып жаткан учурда кармалганын Бишкек ШИИББи кабарлады. Кылмышка шектүү учурда СИЗОдо жана тергөө башталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Күнөөсү далилденип, соттун өкүмө чыккыча "кылмышкер" деп атоого болбойт. Андай адамдарды "кылмышка шектүү" деп толук аты-жөнүн атоого тыюу салынат. Ал эми кээ бир кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнү укук коргоо органдарынын уруксаты менен аталат.