super.kg logo

Тажикстандын ооруканаларында коронавирустан каза болгон дарыгерлер каттала элек

 

Коңшу Тажикстанда бүгүнкү күнгө чейин медициналык мекемелерде коронавирус инфекциясынан дарыгерлер каза болгон учур каттала элек. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Жамолиддин Абдуллозода онлайн маалымат жыйыны учурунда айткан.

"Башкача айтканда, дарыгерлер жумуш убактысында коронавирус инфекциясын жуктуруп алып, андан каза болгон учур каттала элек. Тажикстандын жөнөкөй жараны катары эле дарыгерлер дагы гигиеналык, санитардык-эпидемиологиялык стандарттардын жоктугуна байланыштуу көчөдө, үйдө, эл көп чогулган жерлерде вирусту жуктуруп алышы мүмкүн", - деген Абдуллозода.

Министр журналисттердин канча дарыгер вирус жуктуруп алган деген суроосуна жооп берген эмес.

Ошол эле учурда социалдык тармактарда коронавирустан каза болгон дарыгерлер жөнүндө бир топ маалыматтар жарыяланган. Дарыгерлердин каза болушу тууралуу маркумдун туугандары, достору, кесиптештери жана бейтаптар билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: