super.kg logo

Премьер-министр тармактык мамлекеттик органдарга дары-дармекке байланыштуу маселени көзөмөлгө алуу боюнча катуу талап койду

 

Өпкөнүн сезгениши жана COVID-19 боюнча катталган жаңы учурларга терең талдоо жүргүзүү керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтканын өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ооруп жаткандарды аныктоо үчүн уюштурулган үймө-үй кыдыруу иш-чарасынын негизинде күн сайын талдоо жүргүзүлүүгө тийиш. Мисалы, бүгүн жөтөлүп жатса, эртең дене табы көтөрүлөт, эки-үч күндөн кийин абалы оор болушу ыктымал. Демек, бул дарыны бериш керек же тамчылатма дары алуусу абзел деген сындуу анализ жүргүзүү шарт. Талдоо иштеринин негизинде алдыда күтүлө турган абал дагы айкын көрүнөт", - деди өкмөт башчы.

Жыйындын жүрүшүндө дары-дармек менен камсыз кылуу маселеси талкууланып, айрым дарыканалар медициналык каражаттардын баасын негизсиз жогорулаткан учурлары дагы эле катталып жатканы айтылды.

"Өкмөт мамлекеттик сатып алуулар аркылуу учурда зарыл болуп турган дарыларды алып келүүдө. Мындан тышкары фармацевтикалык компаниялардын медициналык каражаттарды алып келүүсү үчүн шарттар түзүлүп берилип, алар бул багыттагы иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Маалыматтарга караганда, айрым дарыканалар алып-сатарлар менен иш алып барууда. Ошондуктан айрым дары каражаттарына таңкыстык дагы деле болууда жана кымбат саткан учурлар кездешүүдө", - деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр тармактык мамлекеттик органдарга дары-дармекке байланыштуу маселени көзөмөлгө алуу боюнча катуу талап койду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: