super.kg logo

Баткенде пневмония оорусун аныктоочу эки санариптик рентген аппараты иштеп жатат

 

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов облустагы саламаттыкты сактоо мекемелериндеги медициналык жабдуулардын абалын көрүп чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук администрациядан билдиришти.

Ага ылайык, өкүл учурда көп катталып жаткан пневмония оорусун аныктоо иштери менен таанышты. Учурда облустук ооруканада жана облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда заман талабына ылайык санариптик флюорографиялык (рентген) жабдуулар орнотулган.

Жабдуулар республикалык бюджеттин эсебинен 5 миллион 800 миң сомдон сатып алынган. Бирөөсү толук кандуу иштеп жатат. Экинчисин орнотуу жумуштары аяктады, жакынкы күндөрү ишке кирет.

Ошондой эле облустук ооруканага кечээ күнү өкмөт тарабынан жаңы "Тез жардам" унаасы берилди. Автоунаанын ичинде медициналык ыкчам кызмат көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Белгилей кетсек, учурда облуста жасалма дем алдыруучу 44 аппарат иштеп жатат, ошондой эле 316 кычкылтек жеткирүүчү аппараты бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.07.2020. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баткен обл боюнча 2 шт ренген очеред коп болсо керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: