super.kg logo
  Спорт  

Атактуу мушкерлер Майк Тайсон менен Рой Жонс беттешет

 

Бокс тарыхындагы мыкты мушкерлердин бири болгон америкалык мушкер Майк Тайсон өзүнүн жердеши, бокс тарыхындагы дагы бир мыкты мушкери Рой Жонс менен беттешет. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, эки мушкердин беттеши 12-сентябрда АКШнын Калифорния штатындагы Карсон шаарында өтөт.

"Ооба, Майк легенда. Аны менен беттешүүгө мүмкүнчүлүк берилип жатканда, баш тартып коюу акылга сыйбаган нерсе. Мен бул мүмкүнчүлүктөн баш тарта албайм. Аны менен беттешкиси келгендердин ичинен ал мени тандады. Анан кантип баш тартмак элем?", - деген Рой Жонс.

Майк Тайсон өзүнүн акыркы беттешин 2005-жылы өткөргөн. Анда ал ирландиялык мушкер Кевин Макбрайдга жеңилип калган. Ал карьерасында жалпы 58 беттеш өткөрүп, анын 50сүндө жеңүүчү аталган.

Ал эми 51 жаштагы Рой Жонс акыркы беттешин 2018-жылы Скотт Сигмонго каршы өткөрүп, калыстардын чечими менен жеңүүчү аталган. Жалпы карьерасында ал 77 беттеш өткөрүп, анын 66сында жеңүүчү аталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
25.07.2020. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Бекер отурганча бекер иш деп экөө пул жасашат экенда
25.07.2020. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эвандер экоо мушташмакчы болуп атат эле го! Рой урат
25.07.2020. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тайсондун жашын авторитетин сыйлап Рой Жонс баш тартып койсо болмок.
27.07.2020. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Майк формада экен Ройду алып коёт го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: